Борбордун дээрлик жарымынан көп тургуну менчик тура-жайы жок жүрөт. Жумушсуздук айынан ички миграциянын күчөшү Бишкекти миллион адам жашаган шаарга айлантты. Шаарда күн кечирип аткандардын дээрлик тең жарымы ар кайсы батирди ижарага алып күн кечирүүгө аргасыз.

 

Менчик турак-жай көздөн учуп, бирок ой жеткен менен кол жетпей турган чакта адамдар жылт эттирип үмүт берген ар бир долбоорго чап жармашууга даяр. Мындан пайдаланып, элдин үмүтү менен акчасын өз кызыкчылыгына жумшоону чечкендер да жок эмес.

 

Буга дейре өлкөнүн тарыхында ипотекалык ыкма менен жарандарды батирлүү кылууга убада берген бир катар компаниялар айтканынын өтөөсүнө чыга албай, орто жолдон “банкрот” болушуп, ага акчасын салып берип отурган элди “уйдан, же уй байлаган жиптен жок” кылып коюшкандары да бар. Эми мурунку айрым курулуш компанияларына көмөкчү болуп өздөрүн Турак-жай курулуш кооперативи коалициясы атаган топ пайда болду. Анын башында убагында Жогорку Кеңештин депутаты Райхан Төлөгөновдун жардамчысы болуп иштеген Нурлан Асанов деген жигит турат. Ооба, так ошол 2010-жылдагы апрель окуясында мародерчулукка шектелген депутат Райхан Төлөгөновдун.

 

Редакцияга Нурлан Асанов тууралуу чындыкты элге жеткирүүнү каалаган адамдан кат келип түштү. Анда, Асанов буга дейре көз бомочулук менен көп жолу соттолгонун, бирок суудан кургак чыгып кеткенин, азыркы жасап аткан иши да мурдагы кылыктарынын уландысы экенин документтер менен далилдөөгө аракет жасаган.

 

“Урматтуу “Майдан.kg” гезитинин редакция жамааты! Сиздерге коомчулуктун көйгөйлүү маселелерин жана актуалдуу жаңылыктарын чагылдырып турганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге жардам сурап кайрылып атам. Көңүл бурууңуздарды жана элди Турак-жай курулуш кооперативи коалициясы деп аталган, башында Нурлан Асанов турган топко  этият болууга үндөөңүздөрдү көптөн көп суранам. Нурлан Асанов өзүн Жогорку Кеңештин Профсоюзунун төрагасы деп атап жүрөт, а чындыгында андай эмес. Анын жогорку билими жок, а мамлекеттик кызматкер болуу үчүн жогорку билим зарыл болгондуктан, төрага эмес,  Жогорку Кеңештин катардагы кызматкери да боло албайт. Май айынан баштап Жогорку Кеңештин атына жамынып, жогоруда аталган уюмду түзгөн. Анан элге кытай курулуш компаниясы Синоконст менен биргеликте чарчы метри 100 доллардан, башкача айтканда 4 миңден 6 миң долларга чейинки баадагы батирлер менен камсыз кылабыз деп убада бере баштаган. Ойго келбегендей арзан үй менен камсыз болууну каалаган 10 миңге жакын адам бул уюмга киришип, ай сайын 50 сомдон төлөм төлөп жатышат. 3-4 айда ар адамдан 50 сомдон алганда деле 2 миллион сомго жакын каражат чогултуп алганын эсептөө кыйын эмес. Бирок, эң башкы нерсе алдамчылык уюмга мүчө болгондорду алдыда күтүп турат. Нурлан Асанов “мүчөлүккө өткөн адамдар биринчи төлөмдү төлөөлөрү керек, калганын Синоконст компаниясына 15 жыл ичинде бөлүп төлөп берип кутулат” деп жарыялайт. Биринчи төлөм 1-2 миң доллардын тегерегинде болот. Бирок, ал айтып аткан Синконст кытай компаниясы да, КР өкмөтү да Нурлан Асанов менен эч кандай биргелешкен долбоорго макулдашпаганын билдирип чыгышты. Ошол эле учурда Нурлан Асанов 2004, 2007, 2012, 2013-жылдары “көз боемочулук”, “бишка бирөөнүн менчигине ээлик кылуу”, “апрель окуясында мародерчулук кылуу” айыптары менен кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы ачыкка чыкты”, - деп жазат катта окурман.

 

Өзүн Жогорку Кеңештин профсоюзунун төрагасы катары тааныштырып, элди адашууга түрткөн, мамлекеттик маанидеги жооптуу адам катары кыргыз өкмөтүнүн атынан кытай компаниясына сунуш менен кайрылган Нурлан Асанов тууралуу чындыгында айрым басылмаларда терс пикирдеги макалалар жарыяланып жүрөт. Ага карабай, эл деген эл экен, жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо долбооруна кызыгып, айына 50 сомун курмандыкка чалуудан качпагандардын катары азайган жок. Бишкектин Москва менен Шевченко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттардын биринде май айынан бери топтолгон эл тураарын көргөндөр болсо керек. Алар үйлүү болуудан үмүт кылгандар. Асановдун Турак-жай курулуш кооперативи коалициясынын үйлүү болом дегендерге ашыкча деле шарты жок. Коалицияга мүчөлүккө өткөн адамдын Бишкекте он үйү барбы, же такыр эле башпаанексиз жаранбы, айырмасы болбойт. Негизгиси, паспортун көтөрүп келип, 50 сом мүчөлүк акыны төлөп койсо болгону, сыйкырчынын таягы менен эң арзан турак-жайлуу боло тургандардын катарына кошулуп калат. Коалициянын мүчөлүлүккө өткөндөрдүн тизмесин жарыялаган сайтын карап көрсөң, арасында кимдер гана жок эмес: дарыгерлер, мугалимдер, жумушсуздар... Булардын баарынын башын бир гана нерсе бириктирди. Ал – үйлүү болуунун үмүтү.

 

Коалициянын келгендерге түшүндүрмө бергенине таянсак, көп кабаттуу үй Бишкек шаарына курулат. Бир бөлмө алабы, же эки-үч бөлмөбү – жаран өзү тандайт. Ал турмак кабатын да өз каалоосуна ыңгайлаштырат. Бир бөлмө үчүн айына 7 миң сомдон 15 жыл төлөйт, ал эми эки бөлмө үчүн ай сайын 12 миң сомдон айланат. Мындай оңой сумма кайсы жомокто бар экен? Кыргызстандын орточо айлык акысына туура келген, жетимдүү бааны 15 жыл бою ай сайын төлөп отуруп, менчик үйлүү болуп калууну мындан кийин ким эле каалабасын?

 

Асанов мүчөлүккө өткөндөргө өкмөт азырынча үй курууга жер бөлүп бере электигин, жер бөлүнүп, курулуш иштери башталгыча ай сайын 50 сомдон төлөм төлөп туруулары зарыл экендигин айткан. Бир айдабы, же беш айда жер бөлүнөбү, ошол убакыт аралыгында коалициянын чөнтөгүнө миңдеген жарандардан акча агылып түшүп турат. 50 сом азыркы замандын шартында акча катары деле бааланбай калган. Аны ич оорусунуусу жок эле ар бир жаран кармата кое алат. Бирок, тизмедеги 10 миң жарандан чогулган 50 миң сомду эсептегенде 500 000 миң сом айына асмандан куюлуп атат. Жер бөлүнбөй атат деген шылтоо менен дагы эки – үч ай жарандарды мурдунан жетелеп турса, бул сумма 2-3 миллион сомду чапчып калат.

 

Мүчөлүккө өтүп аткандардын: “Эгер жер бөлүнбөй калса эмне болот?” – деген суроосуна, коалициядагылар: “Анда жер сурап митингге чыгабыз”, - деген жоопту беришкен. Бул өкмөт менен элдин ортосундагы каршылыктын жаралышына алгачкы май тамызуу эмеспи?

 

Бирок, “бекер быштак капканда гана бар, ал дагы жакшы эмес, жыттанып кеткен быштак” дегендей эле, жарандарды акыбалына жараша оңойлоштурулган жол менен үйлүү кылууга өкмөттүн мээси жетпей жүргөндө Асанов акылдуулук кылып илип кеткенин сыры акырындап ачыла баштады. Куйругуна байланган калбырлары калдырактап, басылмалар биринен сала бири алдамчылык менен шугулданган “куруучунун” чыныгы жүзүн ашкерелөөгө өттү. Ал ортодо “Демир банк” ТКК коалициясы менен иштешүүдөн баш тартып, түзүлгөн келишимди бир жактуу бузганын жар салды. Аны менен катар “Демир банк” башка банктарга да Асанов менен иштешпөөнү эскертип, анын көз боемочулукка шыктуу экенин, аны далысында артылган соттолгон жагдайлары далилдеп берээрин белгиледи.

 

Ушул жылдын 22-июнунда Нурлан Асанов маалымат жыйынын өткөрүп, “Демир банкты” абройуна көлөкө түшүргөнү үчүн сотко берерин билдирди. Бирок, иш сотко жеттиби, же жокпу – ачыкталбады, анткен менен банктын маңдайына бир күн бир топ адамдарды алып барып, митингге чыкты атын кылды. Топтолгондор үйлүү болом убарасы менен жүргөндөр, алар эмне себептен каршылык акциясына чыгып атышкандыктарын жарытылуу түшүндүрүп деле бере алышкан эмес. Бир гана нерсе, Асанов адамдарды  “Демир банк силердин мүчөлүк акыңарды эсепке салуудан баш тартып атат”, - деп жакшылап ынандырып койгону белгилүү болду.

 

Маалымат жыйынында Асанов кытайлык курулуш “Синоконст” компаниясы аны Пекинге эки жумага чакырганын, ал жакта Кыргызстанда кыйчалыш маселе – турак-жай менен жарандарды камсыздоо болуп турганын айтканын, ошентип, кытай компаниясы үйү жок кыргыз жарандарына кол сунууга макул болгонун саймедиреген.

 

“Өкмөт “Жеткиликтүү турак-жай” программасында 30 млн чарчы метр аянт керектелерин билдирген, бирок аны курууга акча маселеси каралган эмес. Долбоорду ишке ашырууда каржы булактарынын бири катары Кыргыз-Россия фонду көрсөтүлгөн, бирок учурда Россияда жана дүйнөдө экономикалык кризис орун алып атканын эске салсак, анда долбоордун ишке ашышынан күмөн бар. Ошондуктан, мен бул жаатта өкмөткө жардам кылып, кытайлык Синоконст компаниясы менен сүйлөштүм. Алар менин сунушума макул болушуп, ШКУнун банкындагы 7 миллиард доллардын 100 миллионун алып, долбоорго салууну чечишти. Алар мен аркылуу кыргыз өкмөтүнө чыкмакчы болушту. Бишкекке келерим менен бийлик башындагыларды бул тууралуу кабардар кылдым. Өкмөттөн вице-премьер-министр Олег Панкратовго көрсөтмө берилип, ал кытай компаниясы менен келишимди ишке ашырууга жоопкерчилигин алды. Олег Михайлович кытай компаниясына кат жөнөттү. Бирок, долбоор азырынча токтоп турат, анткени алына турган акча кытай бюджетине таандык экен, анын үстүнө инвесторлор биздин өкмөттүн кепилдик беришин каалашууда. Жакында бул маселе чечилет, июлдун башында компанияга барып кандай параметрдеги үйлөрдү куруу боюнча кыргыз өкмөтүнүн талабын көрсөтөбүз. Баары ойдогудай кете турган болсо, июлдун ортосунда бул жакка кытай эксперттери келип ишти башташат. Андан кийин 2017-жылдын февраль айында Бишкекте жаңы кичирайондордун алгачкысы пайда болот”, - деген ал.

 

Ошентип, депутаттын жардамчысы болуп жүргөн жеринен секирик менен курулуш тармагына орногон, ал турмак кытайлык ири компания менен сүйлөшүүгө чейин жеткен Асановдун актануусу айрымдарга чындыкка жакын көрүнгөн. АКИпресс маалымат агенттиги анын билдирүүсүнө таянып Кытайдагы “Синоконст” курулуш компаниясына кат жөнөткөн. Ал катка компания Нурлан Асанов менен эч кандай келишимге барышпаганын айгинелеген жооп жиберген. Сайтта жарыяланган жооп каттын мазмуну төмөнкүчө:

 

“Бизге кайрылганыңыздарга рахмат. Нурлан Асанов өзү Пекинге жаңы жылдын алдында келген. Ал бизге Кыргызстанга барып “Жетимдүү турак-жай” долбоору менен таанышып келүүбүздү сунуштаган. Биз аны конок катары кабыл алдык, ошол эле убакта бизди мындай долбоор эгер Кыргызстандын өкмөтүнүн атынан расмий документтер аркылуу гана сунушталса, кызыктырарын так түшүндүрдүк. Анда кыргыз өкмөтүнүн мамлекеттик кепилдиктер тууралуу каты да жок экен. Аны менен эч кандай документтерге кол койгон эмеспиз. Ошондуктан, ал биздин атыбыздан кандай чечимдерди кабыл алса жана алдыдагы дагы кабыл ала турган болсо биздин уруксатыбыз жок болуп атканын эскертебиз. Бизге анын ишмердүүлүгүнүн эч кандай байланышы жок.

 

29-июнь, 2016-жыл”

 

Компаниянын катына удаа эле кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын басма сөз кызматынан маалыматы да жарыяланган: “Интернет тармагында Турак-жай курулуш кооперативи коалициясы аталган уюмдун башчысы Нурлан Асановдун маалымат жыйынын өткөргөндөгү тасмасы жарыяланды. Анда, ал жарандарды жеткиликтүү турак-жай менен камсыз кылуу долбоору кыргыз өкмөтү менен макулдашылганын билдирген. Биз, бул маалымат чындыкка төп келбейт жана ал жарандарды адашууга түртө турганын эскертебиз”, - деген кыргыз өкмөтү.

 

Эгер Асановдун өткөнүн барактап көрө турган болсок, бир нече соттолуучу катары тарыхын – болгондо да көз боемочулук менен укук коргоо кызматкерлеринин көңүлүн бурганын эске алсак, бул жерден да суудан кургак чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору. Кыргыз кылмыш жана жаза кодексинде беш миңге чейин сомго жаранды алдоо кылмыш катары эсептелбей тургандыктан, ар бир жарандан 50 сомдон чогултуу кылмыш жоопкерчилигине аны тарттырып жибербейт. Мындан улам анын 166-берене менен илине берип, жедеп алчы-талчысын жеген “адис” болуп калганынан кабар берет. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы Асановго азыр эч нерсе кыла албай турганын билдирген. “Азыр барып эле аны басып кала албайбыз. Жарандардын акчасын топтоп алып качып кеткенде, алданып калгандар жамаат болуп арыз жазса гана карай алабыз. Өтө чоң ишке кириптер болуп дегенде да, анын бул кылып аткандары көз боемочулук беренеси менен гана чектелет”, - дейт мамлекеттик кызмат.

 

Ошентип, көз алдыда иш алдамчылыкка багыт алынып атканы менен иш жүзүндө Асановго мыйзам алкагында тагыла турган айып жок болуп турат. Мыйзам боюнча аны жоопко тартуу үчүн жарандардын үмүтү менен акчасын бөктөрө качып кетишин күтүү керек экен.

 

Анын укук коргоо кызматтарынын кылтагына илинип, бирок аягына жеткирбей суурулуп чыгып кеткенин төмөндөгү фактылардан улам билүүгө болот. 2003-жылы Нурлан Асановго 166-берене (“көз боемочулук”) менен кылмыш иши ачылган. Ал “Атлац” деген эмерек жасоочу салонду түзүмүш болуп, кардарларды топтой баштайт. Качан гана он чакты кардардан тийиштүү каражатты топтогондон кийин Россияны көздөй качып кеткен. Эмереги да, акчасы да жок калган 19 жабырлануучу укук коргоо кызматына кайрылган. Келтирилген зыян 55 миң долларды түзгөн. Сот аны айыптуу деп тапканы менен, кылмыш мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотот.

 

2006-жылы Асановго 171-беренеге (“бирөөнүн карамагындагы  мүлктү өзүмдүк кылып алуу”) ылайык айып тагылган. Ишти Бишкек ШИИБинин тергөөчүсү Айбек Абдрасулов алып барган. Арыз жазган Мирлан Ракишев аттуу жаран болгон. Бирок, мында да Асанов “ийгиликтүү” качып кетип, кылмыш ишинин андан аркы “тагдыры” көмүскөдө калган.

 

2010-жылы ал депутат Райхан Төлөгөновдун жардамчысы болуп турган чакта мародерчулук менен шектелген. Асанов ошол убакта “Амир” кайтаруу агенттигинин директору да болгон, агенттиктин карамагында бир топ обьектилер жана үйлөр, анын арасында Жаныш Бакиевдин да кыймылсыз мүлктөрү бар эле. Бул үйлөрдүн бир канчасы талоонго учурап, ага катыштыгы бар деген шек Асановго да түшкөн.

 

Ушул эле жылы “Амир” кайтаруу агенттигин рейдерлик жол менен ээсинен тартып алган. Директорлук гана милдетти аткарган Асанов революция менен кошо Бакиевдердин үй-бүлөсүнө жакын болгону үчүн башына кара күн түшүп турган агенттиктин ээсин мындан да чоң маселе жаралып калышы мүмкүндүгүн айтып коркутуп, 100 пайыз акцияны өзүнүн апасы Орозбекова Калимандын атына жаздырып салган. Бул жерден белгилей кетчү нерсе – Орозбекова Калиман – Нурлан Асановдун апасы дагы “белгилүү” митингчилердин биринен болгон.

 

2013-жылы Свердлов райондук соту Асановго дагы да 166-берене менен кылмыш ишин козгогон. Бул жолу ал Венера Жумабаева аттуу жарандан “сени судьялыкка орноштурам” деген убада менен алгач 1000 доллар алган. Көп өтпөй дагы беш миң доллар алып, ошону менен изин суута баштаган. Акырында судьялыктан үмүтүн үзгөн Жумабаева сотко кайрылып, Асановдун алдамчылыгына мыйзам чегинде жаза каратууну көксөгөн. Анын ошол убакта депутаттын жардамчысы гана болуп жүргөнүн эске салсак, кимдир бирөөнү судьялыкка орноштурууга кызматтык акыбалы да, дарамети да жетмек эмес. Куру сөз эмизип, алты миң долларды кымырган жардамчыны сот айыптуу деп тапкан.

 

Укук коргоо кызматынын “сүйүктүү” каарманын бир канча адвокаттар жактап келишкен. Алар - Нурбек Токтакунов, Эрнис Сааданбеков, Алма Кадыркуловалар.  Бирок, Асанов бул жерде да алдамчылыгын карматып, адвокаттарга сүйлөшүлгөн сумманы төлөп бербей койгондуктан,  аны жактагандар кийинчерээк кайра өзүнө жоо болуп чыгышкан.

 

Ошентип, 166-берене боюнча алдына адам салбаган Асанов үйсүз кыргызстандыктарды менчик-турак жайлуу кылам деп оолугуп турган чагы. 26-июнда Бишкектеги Горький атындагы паркында ТКК коалициясынын бардык мүчөлөрүн митингге чыгууга чакырды. “Мага үй керек” деген аталыштагы каршылык акциясына катышуучулар кыргыз желегин көтөрүп бармай болушту. Эми алар үйлүү болууну көздөп, бул максаттарына Асановдун кыялын ишке ашырбай аткан өкмөт тоскоол болуп аткандай ишенген адамдар. Эртең эле качмай кумары кармап калганда, Асанов сен көр, мен көр – жок болуп, дайынын таптырбай кең Россиянын бир бурчуна кирип кетип, качан гана кылмыш жоопкерчилигинин мөөнөтү өтүп кеткенде кайтып келерин ойлоп да коюшпайт.

 

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg”