- Атамбаев кийинки президенттик шайлоого аттанбаса, премьер-министр болууга да ашыкпаса, анда эмнеге Конституцияны өзгөртүү маселесин көтөрүп жатат?

 

Кубатбек Кожоналиев, юстициянын генералы:

 

“Мурдакы президенттердин тагдыры азыркы президентти деле тынсыздандырса керек”

 

- Азыркы президенттин бийлиги баардык мамлекеттик бийликтин үч бутагынан өйдө болуп турганы талашсыз. Аны бийлик өзү да танбайт. Атамбаевдин бийлигине президент, премьер же башка жогорку кызматтарды ээлебеген күндө да, кийинки бийликке таасир этүү, жагдайды колдон чыгарбоо үчүн Башмыйзамга бул өзгөртүүлөр албетте керек, анткени кийинки президентке (өзгөчө анын саясый оппонентине) мындай күчтүү бийлик калса жагдай кайсы жагына бурулуп кетээри бегисиз. Мурдакы президенттердин тагдыры азыркы президентти тынсыздандырбайт деп ким айталат? Балким, ошон үчүн ушул кадамга барууга аргасыз болуп жаткандыр.

 

Касымбек Райымкул уулу, адвокат:

 

“Эмнени ойлоп жаткандары жакында белгилүү болот”

 

- Кыргызстанда бийликти Алмаз Атамбаевдин өтө ишенимдүү адамдары башкарып жатканы жумурай журтка белгилүү эле болуп калды. Ошолор Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп жатат деп ойлойм. Эмнени ойлоп тапкандары жакында белгилүү болот.

 

Осунбек Жамансариев, коомдук жактоочу:

 

“Мыйзам тыюу салбайт, демек, жеке өзүнүн укугу”

 

- Атамбаев президенттик шайлоого барбастыгын башынан эле айтып келе жатат. Эми “премьер-министрликке да барбайт” дешти. Биринчи суроо түшүнүктүү, ал эми экинчи маселе премьерлик боюнча биздин мыйзам тыюу салбайт, демек жеке өзүнүн укугу, “барсын” же “барбасын” дегенибиз туура эмес. Анда эмнеге Конституцияны өзгөртүү маселесин көтөрүп жатканын анын жеке кызыкчылыгына байланыштырганыбыз туура эмес деп ойлойм. Себеби, басма сөздө жана эл оозунда ЖКда көп айтылып келе жаткан жагдайларды эске алсак,  өнүп-өсүүгө жолтоо болуп жаткан нормалар болсо, анда аны оңдоп-түзөп , жергиликтүү бийлик башчыларын тандоо жолдору, коррупцияга каршы чаралар: кылмыш мөөнөтү боюнча, “Кумтөргө”  катыштыгы бар адамдарга кылмышка тартуу мөөнөтүн алып салуу, Кыргызстандын мыйзамы менен гана чечимдердин чектелүүсү, тактап айтканда,эл аралык келишимдерди негизи боюнча мурун алар менен эсептеше турган болсок аны алып таштоо, өкмөт башчынын укугун көбөйтүү, президенттин укугун кыскартуу, мындайча айтканда өкмөт экономика менен алек болгондуктан ага оз ролун, реалдуу ордун берүү маселелер боюнча болууда...

 

Мавлян Аскарбеков, “Жаңы муун” кыймылынын мүчөсү:

 

“Бул жол мамлекетибизди тунгуюкка алып барат”

 

- 2009-2010 жылдары Атамбаев оппозицияда жүргөндө “электр энергиясына бааны көтөрүү күнөө” деди эле, 2011-жылы, президенттик шайлоо алдында “Атамбаев шайлоого катышпайм, президент болбойм” деп айтты эле. Бирок, бүгүн эмне болуп жатканын баарыбыз көрүп турабыз. 3 жылдан бери Конституцияны өзгөртөбүз-өзгөртпөйбүз деп баштары маң. Бул, мамлекетти башкарып жаткан адамдардын тайкылыгын ачыктап көрсөтүп жатат. Мамлекетти кандай башкарып, кайда алып бара жаткандыгын билбей жаткандыгында кеп. Кытай башчыларындай 50-100 жылдык план эмес, жок дегенде 5-10 жылдык өнүгүү багыты жөнүндө түшүнүк болуш керек эле. Тилекке каршы, тышкы саясаттын чабалдыгынан, Атамбаевдин ишенген, негизги, жеке мамилеси бар деген Түркия бийлиги менен катнаш кескин начарлап кетти. Орусиядагы негизги көпүрөсү да текшерилип, куугунтукка алынууда. Ички саясатта “оппозициямын” дегендин бирин камап, экинчисине иш даярдап, башкасын куурчак кылып тартып алышты. Акыркы 1 жыл, мындай шарт, “бийликте ушинтип кала берсе болот турбайбы” деген жалган ишеним пайда болду көрүнөт. Конституциялык мөөнөт аяктап жаткандыгына байланыштуу, бийликти сактап калуу жолдору пландалып жатат. “Көшөгө артынан башкарам” деген максат менен, бүгүн Арашан айылы жакта өзүнчө резиденция курулуп жатат. Бүгүн Конституцияны өзгөртүү менен президенттин, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчтөп жатышат. Мунун арты менен, борбордук жана жергиликтүү бийликти күчөтүп, элди күч менен башкаруу аракетин көрүп жатышат. Бул жол, мамлекетибизди тунгуюкка, элибизди жакырчылыкка, эгемендигибизди коркунучка, Акаев, Бакиевдин тагдырынын кайталанышына алып келет.

 

Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер:

 

“Ашуудан атты алмаштырбайт!”

 

- Бизде адеп бийликке келгендердин бардыгы "мен Конституция боюнча гана иштейм, өз мөөнөтүм бүтөөрү менен кетем",- дешип кат-каттап убадаларын беришет! Бирок кийин бийлик даамын чындап татып, анын жыргалы кан жанына толук тарап, магдырап, жыргап калгандан кийин, анан ким эле, андай кумардан баш тарткысы келсин. Мына ошентип анан мыйзамды өзгөртүүгө жан алакетке түшүп аракет кыла башташат! Мындай референдумдар канча жолу болду, аны элибиз жакшы билет! Албетте референдум өтөт андан кийин, “эй элим, бабаларыбыз айткандай, ашуудан атты алмаштырбайт, ошондуктан реформа толук ишке ашыш үчүн баштаган ишин бүтүрсүн” деп чыгабыз да. Кайра "жалпы эл өз ишеничин берет", ошентип баратып эле бир убакта байкабай калып баякы Путин айткан "тырмоокту" кайра басып алабыз да, ал келип чекебизге "шак",-дейт. Анан бары кайрадан... ошентип кыргыздын саясий сериалдары улана бермекчи!

 

Эгемберди Эрматов, экс-депутат:

 

“Конституцияны өзгөртүүдө Атамбаев көпчүлүктүн суроо-талабын эске алды” 

 

- Бул маселе бүгүн же кечээ эле чыга калган жок. Көптөн бери көтөрүлүп келе жаткан маселе. Анткени, мурдагы Конституция шашылыш  кабыл алынып калган.  Ошон үчүн канча жылдан бери конституцияны өзгөртүү маселеси көтөрүлүп жатат. “2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз” дешкени менен анын айрым катачылыктары Конституцияны  өзгөртүүгө аргасыз кылды. Ал үчүн  Атамбаевди күнөөлөгөн болбойт. Анткени, аны президент жеке эрки менен эмес, аны өзгөртөлү дегендердин жүйөөсү туура болгон үчүн колдоду. Негизи Атамбаев президенттик такка бир эле жолу барат. Премьер-министр да болбойт. Болгону, премьер-министр  өз ыктыяры менен акимди же облустун жетекчисин дайындай албай калган үчүн анын ыйгарым уккутарын күчтөп, бийлигин таасирдүү кылууга аракет кылып жатат. Кыскасы, Конституцияны өзгөртүү Атамбаевдин эле эмес, көпчүлүктүн суроо талабы менен болуп жатат деп ойлойм.

 

Урматбек Турдушов, журналист:

 

“Президенттиктен кеткенден кийин да жашоо бар”

 

- Өткөн окуяларга күбө болгондой бийлик 2005-2010-жылдардагыдай, тополоңдун аркасы менен алмашып кетпесе - тынчтык жолу менен колдон-колго өткөн бийликтин сценарийи, алдыга койгон ой-максаттары албетте болот. Президенттик кызматтан кеткенден кийин деле жашоо бар дегендей. Максат резиденцияда жатып алуу эмес, кийинки кадамдарды да ойлоп, өз адамдарын коюп кетээри бул - күтүлгөн иш. Бизде президенттик шайлоо, элдин каалоосу менен эле өтөт деген туура эмес. Буга чет жактагы чоң өнөктөш державалардын салымы чоң болот. Экинчиси, Атамбаев президенттик шайлоого 6 ай калганда кызматын мураскерине же спикерге калтырып кетет деген имиштер жүрүп жатат. Андан сырткары ажобуздун саясаттагы такшалган жүрүштөрүн эске алсак оппозициядагы “Конституцияны өзгөртүш керек” деп какшап жүргөн бир киши менен ымала түзгөнү да айтылып жатат. Азыркы биздин иштеп жаткан Конституцияга Орусия жана коңшулаш өлкөлөрдүн да ичи чыкпай келет. Мениче, ушулардын баарын эске алуу менен конституцияны өзгөртүүгө багыт алса керек.

 

Эдил Байсалов, коомдук ишмер:

 

“Келечекте жаңы шайланган президент менен премьердин ортосунда тирешүү пайда болушу мүмкүн”

 

- Референдум жөнүндө бир ай мурун сөз чыгып баштаганда мен ойлогом, Конституциядагы дисбалансты оңдоп коюну, президенттиктен премьерге бийликти өткөзүп берүүгө киришет экен деп. Анткени, ал үчүн объективдүү себептер бар. Келечекте жаңы шайланган президент менен премьердин ортосунда тирешүү пайда болушу мүмкүн. Бирок, жарыяланган долбоорду окуп көрсөңүз, ал жерде премьердин бийлигин күчөтүү боюнча бир дагы сөз жок. Жөн эле болбогон нерселер кирип калыптыр. Өтө начар даярдалган долбоор - азыркы администрациянын деңгээли ушунчалык төмөн экенин анык көрсөтүп койду. Жалпы жер жүзүнө уят болобуз ушул долбоорду кабыл алсак. “Деги Атамбаевдин юрист сөөрөйлөрү китеп окушту беле?”- деген суроо берүүгө негиз түзүлдү. Мындай өзгөрүүлөрдү кабыл алууга эч кандай шашылыш жок. 2020-жылга чейин күтсө болот. Күчкө салып өткөзөм десе Атамбаев мырза жөн эле жерден жаман көрүнөт, Акаев менен Бакиевдерге "конституцияны бурмалаган" деген жаман аттуу болуп калат элдин оозунда. Толугу менен түшүнүксүз эмне кереги бар референдумду өткөзүүдө!

 

Темирбек Алымбеков, журналист:

 

“Конституция өзгөргөндөн кийин А.Атамбаев бийликке барса чатак чыгат”

 

 - Чындап келгенде Конституцияны өзгөртүү зарылдыгы бар. Турмуш көргөзүп атпайбы. Туура. Премьер-министрдин укугун кеңейтүү менен ал президенттиктен кеткенде премьер-министр болуп калышы ыктымал. Бирок өзү, жан жөкөрлөрү андай болбойт деп айтып жатышат. Бир маалымат чыгып кетпедиби бул тарыхый зарылдык деп. Эгер ошого бара турган болсо чыр чыгат. Биздин коом андай эмес. Негизи кеп коомдо эмес саясый күчтөргө Кудай берип салат. Тынчыбайт алар. Ошондуктан бул кадамга барбаш керек. Ал эми Конституцияны караш керек. Эгерде Конституцияны ойдогудай өзгөртүп, премьер-министрдин позициясын күчтөнтүп, анан өзү өкмөт башчысына келип алса, саясый күчтөр эмес, эл деле туура кабыл албайт. Анткени президенттер Конституцияны өзгөртө коюп, кайра бийликке келип алышчу эмес беле. Ал элдин эсинде. Демек, Конституция өзгөргөндөн кийин А.Атамбаев ошого барса чатак чыгат .Буга чейинки эмгеги талаага кетип, берки президенттердин таз кейпин кийип калышы толук ыктымал.

 

Даярдаган

Чынайым Кутманалиева

 

Булак: “Майдан.kg” гезити