Бул тууралуу БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдаримов билдирди. Анын айтымында шайлоого 1,5 млн шайлоочу катышты жана баардыгы биометрикалык каттоонун негизинде добуш беришти.

БШКнын маалыматтарына ылайык, бул учурдагы болжолдуу жыйынтыкка карата, КСДП 37 мандат (26,92%), «Республика – Ата Журт» 29 мандат (20,62%), «Кыргызстан» 18 мандат (12,71%), «Өнүгүү-Прогресс» 13 мандат (9,15%), «Бир Бол» 12 мандат (8,43%) жана «Ата Мекен» 11 мандат алаары айтылууда.

Бүгүн, 4-октябрда парламенттик шайлоо болуп, ага 14 партия ат салышты. Добуш берүү эртең менен саат 8де башталып, кечки саат 20:00дө жыйынтыкталды. Кыргызстан боюнча жалпы 2 миң 374 шайлоо участоктору иштеди.

Алдын ала маалыматтар боюнча 7 партия алдыда келе жатат.

Шайлоо саат 20:00дө жогорку деңгээлде жыйынтыкталды. Бул туурасында Кыргыз Респуликасынын өкмөт башчысы Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, шайлоо биометрикалык каттоонун негизинде таза, ачык өткөн.

Бул сан катталган шайлоочулардын 10,25 түзөт. Жалпысынан шайлоого катышууга 9375 катталган. Бул тууралуу Москва шаарындагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байышбек Жуманазаров Казакстан Республикасынын Түштүк-Казахстан облусунан келген байкоочулар менен жолугушту.

Бишкектеги 1067 шайлоо участкасында добуш берүүчүлөрдүн саны суюла баштады. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Малайзияда добуш берүүгө укуктуу кыргызстандыктардын 50% шайлоого келди. Ал жакта 62 жаран шайлоого катышууга укугу бар. Элчиликтен маалымдашкандай, ушул тапта добушкана жабылуу алдында турат. 31 киши келип жарандык милдетин аткарды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык шайлоо комиссиясынын башчысы Рысбек Нурдинов билдирди. Ош шаарында саат 17:00гө карай 53 077 шайлоочу добуш берүүгө катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 40 пайызын түзөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жүрүшүн маалымдап туруучу компьютердик системасынын иши үзгүлтүккө учурады.

Учурда Бишкекте депутаттарды шайлоо уланып жатат. Бүгүн саат 15.30 да шайлоого көз салып турган Эл аралык байкоочулар шайлоонун жүрүшү боюнча журналисттерге пресс-конференция берет.

Баткенде 61 шайлоочу биометрикалык маалымат тапшырып, бирок тизмеден өзүн тапкан эмес. Ушундай эле көрүнүш “Ар-Намыс” партиясынан депутаттыкка талапкер Өмүрбек Абдырахмановдо да болгон. Ал добуш берүү үчүн участокко барып, тизмеден өзүн тапкан эмес.

БШКнын алган болжолдуу тактоолору боюнча жалпы республика ичинде 542 179 жаран добушун берип, шайлоочулардын 19,7 % шайлоодон өткөндүгү билинди. Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Баатырованын билдирдүүсү боюнча Бишкек шаарында 58 107 адам добушун берип, бул жалпы шайлоочулардын 15,8 %ын түзгөн.

Баткен облусунун жашоочулары парламенттик шайлоого активдүү катышууда. Саат 12:00 алынган маалыматка ылайык, облус боюнча жалпы 54 339 шайлоочу добуш берип, бул шайлоочулардын 24,3% түздү. Бул тууралуу аталган облустун басма сөз кызматынан билдирди.

Орусия аймагындагы N9009 Екатеринбург шайлоо участкасы боюнча добуш берүү башталды. БШКдан 2429 жарандын тизмеси бекитилген. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен Айымкан Кулукеева кабарлады.

Москвада азыркы саатка карата 100 кыргызстандык добуш берди. Орусиянын борборунда Кыргызстандын Боршайкомунун 1 гана бекети ачылган. Жалпы катталгандардын саны 4338 адам.

Атуулдук милдетин аткарып Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарындагы №4067 шайлоо участогунда добушун берди. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди.

БШКнын мүчѳсү Айнура Шайымкулованын билидиришинче акыркы сааттарга алынган маалыматтар боюнча 2 374 шайлоо участкаларынан 105 902 шайлоочулар добуштарын беришкен. Бул жалпы шайлоочулардын 8 пайызын түзѳт.

Кыргызстанда сот жана прокуратура органдары бүгүн түнкүсүн да иштейт.